Сирия жана Ирактын Курдистанындагы эне-балдарды Кыргызстанга алып келүүнү жөнөкөй кыргызстандык ишкерлер колго алышат

“Өзүбүзгө өгөйлөбөйлү”. Сирия жана Ирактын Курдистанындагы эне-балдарды Кыргызстанга алып келүүнү жөнөкөй кыргызстандык ишкерлер колго алышат.

Кыргызстандын жөнөкөй жарандарынын демилгелүү тобу жакынкы аралыкта Сирия жана Ирактагы 150 эне-баланы мекенге кайтарууну көздөйт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда уюштуруу тобунун өкүлү Кубанычбек Токтосунов билдирүү жасады.

Кубанычбек Токтосуновдун айтуусунда, жергиликтүү ишкерлер аталган миссияны толугу менен колго алып, кооптуу аймактарда катаал турмуш кечирип жаткан балдарды жана кыз-келиндерди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш аракеттерди көрөт.  “Өзүбүзгө өгөйлөбөйлү, ал жактагы биздин жарандарга кайдыгер карап, кол шилтеп койгон туура эмес.  Айрым маалыматтарга таянсак Сирия жана Ирактын Курдистанында миңге чукул кыргызстандык жарандар бар. Ал жактагы балдардын көбү томолой жетимдер. Көпчүлүгү адам чыдагыс шарттардан, ачарчылыктан улам көз жумуп, сөөктөрү талаа-таштарда калып жатат. Ошол себептен, ким келип жардам берет деп күтүп отурууга убакыт жок. “Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн  туяк жок” сыңарындай, аларга күнөө коюп да кереги жок. Ал жактагы балдарга айып салып, көңүл сыртына калтыруу бул кылмышка тете иш. Андыктан тез арада аларды лагерлерден чыгарып, Кыргызстанга алып келүү үчүн бардык мүмкүнчүлуктөрдү жумшайбыз”, – деп билдирет Кубанычбек мырза.

Миссиянын уюштуруучуларынын айтымында, Сирия менен Иракка  кеткендердин көпчүлүгү алдануунун курмандыктарына айланышкан. Ал жакта ар күн сайын бейкүнөө кыргызстандык жарандар набыт болуп жатат.

Уюштуруу тобунун билдирүүсүндө аталган миссияны саясатташтырып, ар түрдүү боекторго боенун кажети жок. Анткени, уюштуруучулардын  бир дагы мүчөсү  кандайдыр бир партиянын  курамында эмес.

Кубанычбек Токтосуновдун айтымында, өздүк ресурстар жана каражаттар менен кооптуу аймактардан алынып келингендер үчүн баардык шарттары бар атайын реабилитациялык борборлор түзүлүп, психолог, медиктердин жардамы көрсөтүлмөкчү.

Учурда бир гана Сирияда 850 кыргызстандык жарандар бар, анын ичинен 400дөн ашууну бул жеткинчек балдар менен аялдар. Учурда өкмөттүн буйругу менен атайы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ал жактагы жарандардын тизмелерин тактоо иштери жүрүүдө. Устүбүздөгү жылдын 3-июнунда КРнын тышкы иштер министрлиги  Ирактын бийлиги менен тыгыз  кызматташуу иштерин жүргүзүп жатканын жана биздин жарандарды ал жактагы согуш лагерлеринен алып чыгуу иштерин жүргүзүү тууралуу атайы билдирүү жасады. Ушундай иш аракеттер Сирияда да өтмөкчү. Аталган көйгөй боюнча президент С. Жээнбековго Сириядагы мекендештердин туугандары да  кайрылуу жолдоп, көмөк сурашкан.

Сирия , Ирактан жарандарын алып чыгуу боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистандын өкмөтү активдүү иш жүргүзүүдө. Мисалы, Казакстандын бийлиги жалпысынан 3 операция өткөрүп, 357 жаранын алып келди. Үстүбүздөгү жылдын 30-май күнү Өзбекстан согуш аймактарынан 156 жаранын алып чыкты. Ал эми Тажикистан тарап болсо Ирактын аймагынан 84 баланы Душенбеге алып келди.

Айрым эксперттердин маалыматтарына ылайык, Сириядагы кыргызстандыктардын туугандарынын айрымдары аларды кабыл алууга каршы. Ошол себептен, миссиянын уюштуруучулары аларга социалдык жактан колдоо көрсөтүп, коомго аралашуусуна көмөктөшөт. Коомдук ишмер Кубаныбек Токтосуновдун айтуусу боюнча, аялдарга тикмечилик сыяктуу кесиптерге үйрөтүү да каралат. Ошондой эле, Сирия менен Ирактын Курдистанынан жакынкы убакта 150 эмес, 400дөй эне-баланы куткаруу көздөлүүдө. Бул иш аракеттердин бардыгы мыйзам чегинде, элдик дипломатия аркылуу чечилмекчи. Курдистанынын жергиликтүү бийлиги менен буга чейин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, анын натыйжасында тиешелүү тарап биздин эне-балдарды өткөрүп берүүгө макулдугун берген.

Албетте, биздин кайдыгер эмес жарандарыбыздын бул олуттуу миссияны аркалап, болгон күч-аракеттерин жумшап жаткандары кубантаарлык иш. Анткени, балдар – биздин келечегибиз! Алар согуш аймактарына өз каалоолору менен кеткен эместигин баса белгилегибиз келет. Бул кырдаалда мамлекет камкордук көрсөтүп, аларды баш калкалоого алышы абзелдүү. Ал эле эмес Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында да, Кыргызстандын жарандарынын башка мамлекеттеги коопсуздугун камсыздоо боюнча так жана даана жазылган. Ошол себептен,  бул ишти аркалап жаткан ишкерлерибизди бийлик өкүлдөрү жогору баалап, колдоо көрсөтөт деген чоң ишеним бар.