Атамбаев тарапташтарын таштап качты (Видео)

0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги жайгашкан Кой-Таш айылындагы үйүндө 7 августтан 8 августка караган түнү аны кармоо учун уюштурулган атайын операция болуп өттү.

Анын жыйынтыгында 45 адам жаракат алып, 1 жоокер каза болгон.

Ал арада социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин операция башталган убакытта өзүнүн тарапташтарын, аны менен жолугуп сүрөткө түшкүсү келген жаштарды, аялдарды таштап, үйүнө качып кирип кеткендигин көрүүгөболот.

Белгилүү болгондой, Атамбаев учурда дагы эле өз үйундо бекинип отурат.

Эскерте кетсек, парламент анын экс-президент макамын жана кол тийбестигин 27 июнда ажыраткан. Тергөөчүлөр аны суракка чакырганына карабастан Атамбаев алардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал арада ИИМ “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевдин түздөн түз тиешеси бар деп айтып чыкты.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of