Хиджаб же ачык кийим…Президенттикке талапкер бийчи кыз эмнелерди убадалады?

0
Тунисте 21 жаштагы бийчи кыз Нерман Сфар президенттик шайлоого ат салышып жатат. Эгер ал президент болуп калса, кыздарга кандай шарт түзүп берерин “360 градус” сайты кабарлайт.

Президенттик шайлоого түшкөн сулуу бийкеч өзүнүн программасында аялдардын укугу тууралуу маселени көтөргөн. Нерман аялдардын жан дүйнөсүнө кирип, аларды алдап кете турган эркектерге катуу жаза колдонорун айтты. Эгер президент болсо, аялзатынын сезими менен ойногондорго айыппул саларын эскертти.

Мындан тышкары, менчик жөнүндө дагы сөз кылды. Үй-бүлөдөгү мүлктүн тең жарымы аялдын атында, экинчи бөлүгү эркекке тиешелүү боло турган мыйзам кабыл алуу керек деп эсептейт. Андан тышкары, аял каалаганын кие алат. Хиджаббы, же ачык кийинеби аялдын өз эрки болот. Кошумча улуттук кийим кийүүгө көбүрөөк басым жасайт.

Нерман шайлоо учурунда Тунис калкы үчүн нан арзан сатыла турганын айтты. Бийчи кыз атылган убадаларын ишке ашырабы, жокпу 15-сентябрдан кийин белгилүү болот. Бийчи кыздан бөлөк президенттик шайлоого 55 киши катышып жатат. Буга чейин тунис элин 92 жашка чыгып каза болгон  Аль-Баджи Гаида ас-Себси башкарып келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of