Орусиянын Ханкайск районунда жергиликтүү тургун өгөй кызын сабап өлтүрдү. Бул тууралуу Осусиянын аймактык Тергөө Комитетинин расмий сайты аркылуу кабарланды.
Маалыматка караганда, окуя 11-августта Ханкайск районунун Ильинка айылындагы үйлөрдүн биринде болгон. Ал жерден 1 жаш 9 айлык кыздын денеси табылып, мыкаачылык менен сабалып каза болгону аныкталган. Шектүү катары 21 жаштагы маркумдун өгөй атасы кармалып, кылмыш иши козголголду.
Маалыматта, шектүүнүн кылмышка баруусунун себеби азырынча ачыктала электиги кошумчаланат.
Пикир калтыруу