Курсан Асанов Атамбаевден акча алды деген видео боюнча үн катты

0

Курсан Асанов аны Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевден акча алды деген айыптоолорду четке какты.

Белгилүү болгондой, 13-августта кызматтан алынган ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү үчүн аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учуру видеого тартылган.

13-августта, социалдык тармактарда Асанов Атамбаевден акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат делген видео тараган.

“Андай эч нерсе болгон эмес”, — деди ал.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш киргизилип, ал кызматынан алынган.

Ал эми тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of