Шевченко беттешке чакырган Сехудого катуу жооп берди

0

ESPN телеканалынын кабарчысы Ариэль Хельвани Шевченконун видео жообун Twitter баракчасына жарыялады.

Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 беттешиндеги жеңишинен кийин Сехудо кыргызстандык мушкерди кайтадан беттешке чакырган болчу. Ал дүйнө жүзү боюнча гендерлер арасындагы алгачкы чемпион болорун айткан.

“Анын биринчи чакырыгын укканда аябай күлдүм. Мени жеңишим менен куттуктайт го деп күткөм. Эми менин эки каршылашым бар. Алар кайтадан эле Енджейчик жана Генри Сехудо”, — деди Шевченко.

Ал ошондой эле ар бир киши каалоолорунан абайлашы керектигин, болбосо бир күнү анын бардык алтындарынан ажырап калышы мүмкүн экенин эскертти.

Булак: Спутник

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of