ОШТО ЭКИ КАБАТТУУ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгына жаңы бала бакчанын курулушу башталды. 100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, курулуштун сапаттуу жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, бала бакча бардык шарты менен эки кабаттуу болуп курулат.

“Ош шаарына жыл сайын бала бакча курушубуз керек. Быйылкы жылы Юго-Восток жана Амир-Темирге бала бакча курабыз. Анткени аталган кичи райондордо бала бакча жетишсиз. Үнөмдөлгөн акчага үчүнчү бала бакчаны да куруу пландалган.” – деди калаа башчысы Т.Сарыбашов.

Бала бакча ушул жылы пайдаланууга берилет. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 23,7 млн сом бөлүнгөн.

Башталды…
100 орундуу, заманбап эки кабаттуу бала бакча курулат. Кийинки жумадан Юго-Восток кичи районуна да баштайбыз“.- Азамат Абсаттаров

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of