Салима Шарипова: Сооронбай Шарипович суу берсем ичпей койгон…

Профессор Салима Шарипова, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бала-чагы тууралуу учкай пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

–Сооронбай Шарипович, Өзгөн шаарына кичинеңерде Жусуп, менин иним Мамытбек менен жолукканы келгенде Сизди жетелеп келген.
“Суу ичким келди”- дегенде мен чөмүчтө суу берсем, “Мен жыгач кеседе суу ичем”, – дегенсиз.
Атам апам экөө аябай каткырып күлүп, апам жабанына бекиткен жеринен Арстанбаптын жаңгагынан жасалган үч кесени алып чыгып “танда” деген… Атам ошондо “бул айтканын жасаттырат”, – деген. Ошол улуу инсандардын баласы, аяш баласы болуп чоңойгонсуз.
Азыркы кырдаалда Кыргызга керектүү нерсени жасаттырыңыз! Ушакчы, көралбас, жаны жок жалганчылар мамлекетти артка тартып келүүдө. Азыр кимдин-ким экени бардыгы ачыкка чыкты. Кудайым сизге ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөөлүк жылуулук тартууласын! Элибизде куру дооматка чалынгандар болбосун! – деп жазган атактуу айымдардын бири, жазуучу Салима Шарипова.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of