Өзгөн районунда “Күрүч фестивалы-2019” иш-чарасы болуп өттү

Өзгөн районунда “Күрүч фестивалы-2019” болуп өттү. Атагы алыска кеткен Өзгөн күрүчү буга чейин бүтүн Кыргызстанга жана коңшу Казакстан, Өзбекстан, РФ нын аймагында рынокто сатылып келсе, эми, Европага экспорттолуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы ПРООНдун “Кыргыз Республикасынын Ош облусунда интеграциялык өнүгүү” программасы менен биргеликте Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылындагы Мамлекеттик сорт сыноо участкасынын базасында “Түшүмдүүлүгү жогору болгон күрүч өндүрүү боюнча Россиянын тажрыйбасы Кыргыз Республикасынын шарттарында колдонуу” темасында илимий-практикалык семинар болуп өттү. Семинарды Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Алайчиев ачып, семинардын катышуучуларына Өзгөн жеринин бренди болгон Өзгөн күрүчүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барылаарын, айтылуу “Кара кылтырык”, “Ак урук” сортторунун башка күрүчтөргө салыштырмалуу организмге пайдалуу заттарынын көптүгү менен айырмаланаарын, күрүч өндүрүүдөгү кээ бир маселер боюнча өзүнүн оюн айтып өттү. Ошондой эле семинардын өтүшүнө жакындан жардам берген ПРООНдун өкүлдөрүнө жана Россия Федерациясынан келген илимий ишмерлерге ыраазычылык билдирип өттү.

Семинарда Россия аймагында өндүрүлүүчү күрүчтүн 14 сорту көрсөтүлүп, Мамлекеттик сорт сыноо участкасында эгилип, сыноодон өтүп жаткандыгы маалымдалды. Сыноодон ийгиликтүү өткөн күрүчтүн сорттору Өзгөн аймагына эгиле баштамакчы.
Семинарга Россиянын илимий изилдөө институтунун өкүлү, айыл чарба илимдеринин доктору В.С.Ковалев жана илимдин кандидаты В.А.Ладатько катышып, күрүчтүн ар бир сорту боюнча түшүндүрмө берип өтүштү.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of