Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу: “Атамбаев баардыгын дыкат пландаштырган экен, бирок эки жерден жаңылды”

Атамбаев баардыгын дыкат пландаштырган экен: 7-августтагы атаканы, аны коргоп жаткан адамдардын жаракат алаарын, эртеси барып Ак Үйдү алууну! Бирок, менимче, Атамбаев 2 жерден жаңылды:

1. Биринчи күнкү атакада спецназдын жигити каза болоорун кұткөн эмес. Тескерисинче, Атамбаевдин планы боюнча, анын коргоочуларынын бири-экөө каза болуш керек эле! Ошолордун тегеретесинде анан эл топтолуп, төнкөрүш кылмак!
2. Эртеси бийлик мынча чечкиндүү кадам жасаарын Атамбаев күткөн эмес.

Эртеси бийлик күчтү катуу топтоп, именно Кой-Таштан АШАны колго түшүрбөгөндө, Жетинчи апрель-2 сөзсүз болмок, Атамбаевдин расчету ошондой болгон! Атамбаев экинчи күнү эле эртең менен эрте Форумга барып кирип, өзүнүн тарапташтарын ошонун тегеретесине чогулгула деген ураан чакырганда эле, иш сөзсүз чатакка айланмак!

Анын тарапташтарынын теңи Форумга кетип, Кой-Ташта азыраак адам калганы да өбөкө себеп болду окшойт!
Тыянак: Атамбаев адамдарын өлүмүн шылтоо кылып, алардын өлгөнүн туу көтөрүп, 8-августта Ак Үйгө чабуул кылмак. Кечөө күнү ызаа көрүп калган спецназдар да катуурак жооп бермек.

Менимче, 7-апрелдин өлүм-житимдери бул жакта эле калып, накта граждандык согуш болмок! Кыргызстан ал согуштан 1-2 эле кадамда турган! Кудай чоң сактады! Кайра эле ким күнөөлүү экени билинбей, бейкүнөө жүздөгөн адам кырылып калмак. Бөркүңөрдөй эле көргүлө

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of