ИИМ: Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы акча табылды

Иллюстрация

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылганын билдирди.

Бүгүн, 17-августта мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынган.

Анда Атамбаев 8-августта таштап кеткен сумкадан 170 миң сом жана адамдардын аты-жөнү, телефон номурлары жазылган барактар табылган. Ошондой эле 2 млн. 225 миң сом жана 316 миң доллар коротулганы жазылган барак да чыккан. ИИМ бул сумма массалык башаламандыкты уюштургандарга сарпталган акча болушу мүмкүн экенин кабарлады.

«Учурда жогорудагы барактар дыкат иликтенип жатат жана мыйзамдуу чечим кабыл алынат», – деп айтылат маалыматта.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of