Кашкар Жунушалиевдин Instagram баракчасы элдин кыжырын келтирүүдө

Баракчада алты гана сүрөт жүктөлгөнүнө карабастан катталуучулардын саны 77 миңге жакындаган. Арасында бул баракчага кантип катталып калганына түшүнбөй тургандар да бар.

Сүрөттөрдүн астына көптөгөн адамдар баракчага кантип жазылып калгандыгына түшүнбөй жаткандыгын жазышууда. Айрымдар бул аккаунт мурда кийим сатканын айтып жатышат. Баракчадан чыгып кеткендер да бар.

Азырынча ким жана кандай максатта аккаунтту ачканы белгисиз. ИИМ бул боюнча үн ката элек.

                

Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо процессинен кийин 13-августта Курсан Асанов “кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти” деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Ошондой эле ИИМ ага кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен деп кине койгон. Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча пикирин билдирип, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси — “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

15-августта Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Асановдун үйүн тинтип, 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кеткени белгилүү болгон.

Асановдун адвокаты тергөө ачык-айкын болушу үчүн президентке, премьер-министрге кайрылып, иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматтан четтетип турууну суранган.

Булак: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of