Кыргызстанда ондогон өлкөдөн чогулган велоспортчулар ат салышат.

Катышуучулар жалпы тоо-ташты аралап 1705 чакырымды басып өтөт.

Кыргызстанда ондогон өлкөдөн чогулган велоспортчулар ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Silk Road Mountain Race 2019 аталышындагы мелдеш 17-август күнү эртең менен Бишкек шаарында башталды. Ага дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн 148 спортчу келди.

Спортчулар өз сапарын борбор калаадан баштап Суусамыр жайлоосу аркылуу Нарын облусундагы Соң-Көл, Кол-Суу көлдөрүнө жетишет. Андан соң Ысык-Көл облусунун тескей жээги аркылуу Чолпон-Ата шаарына барышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of