Ошто унаасы менен тегеренип, кооптуу башкарган айдоочу табылды (Видео)

Видеодон жубайлардын тоюндагы сейилдөө учурунда, шаардын борбордук аянтында   унааны оордунда айлантып, кооптуу колдонгон кишини көрүүгө болот.

16-августта Ош шаарынын борбордук аянтында автоунаасы менен жол эрежесинин тартибин бузган айдоочуга 7500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу калаанын мэриясы фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады:

“Эки жаштын тоюн видеодо “көркүнө” чыгарам деп, адам өмүрүнө коркунуч жаратпайлы!” — деп мэрия айдоочуларга эскертүү берди.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of