Кадыр Атамбаев камакка алынган 120 мүлк боюнча кайрылуу жасады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Башкы прокуратуранын анын атасына жана жакындарына тиешелүү камакка алынган 120 мүлк боюнча маалыматын «элди адаштыруу жана фейк» деп баалады.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Алмазбек Шаршеновичке жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген 120 мүлк боюнча кайрылуу жасап коёюн. Биздин үй-бүлөбүзгө жазылган мүлк бизге тиешелүү эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтарды бийликтин кара пиары деп эсептейбиз» деп жазды.

Ал прокуратура көрсөткөн 120 мүлктүн 101и Алмазбек Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө да таандык эмес экенин, ал эми «Кыргызавтомаш» 2007-жылдан бери аларга тиешелүү эмес экенин билдирди. Ошондой эле Башкы прокуратура алардын атына 1996-жылы эле сатылып кеткен үйлөрдү да жазып койгонун кошумчалаган. Андан тышкары алардын бир гана банкта 2002-жылы ачылган эсеби бар экенин, «Апрель» телеканалынын эч кандай банк уячасы жок экенин жазган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of