7 жыл мурда Орусияда дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы

Екатеринбург шаарында 2012-жылы жоголуп кеткен Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирүүсүнө таянып, Сипер Инфо сайты жазат.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 32 жаштагы А.А.аттуу жарандын дайынсыз жоголгону боюнча маалымат түшкөн. Маалыматта аталган жаран 2012-жылы иш издеп Екатеринбургга барганы, акыркы жолу ал ошол жылдын 2-июлунда байланышка чыкканы айтылган.

“Туугандары өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтык чыккан эмес. Мындан улам алар Екатеринбург шаарынын полиция кызматына арыз менен кайрылышкан. Тийиштүү иш-аракеттердин негизинде изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылган. Ал 2012-жылдын 18-июлунда жол кырсыгынан каза болуп, кийин аты-жөнү аныкталбаган адам катары көмүлүп калганы аныкталган. Учурда каза болгон жарандын туугандарына тийиштүү документтер берилип, эксгумация кылуу жана сөөктү мекенге жеткирүү маселеси каралып жатат”, – деп жазылат маалыматта.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of