Зилалиев Атамбаев менен кошо жемкорлук кылган деп шек саналууда

Мурдагы вице-премьер-министр, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир кылмыш ишине байланыштуу шек саналууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Зилалиев коррупцияга аралашканы жөнүндө иш иликтене баштаганын 20-августта маалымдалды. Бул кабарды анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттык» радиосуна бышыктады.

Иштин чоо-жайы 2015-жылы сурма казган «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдөгү жемкорлукка байланыштуу болуп жатат. Бул инвестициялык компанияга кыргызстандык Субихи Пархати жана кытайлык Чжай Хунвей ээлик кылары айтылууда.

Субихи Пархати мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий-өндүрүштүк «Форум» ишканасынын теңшерик негиздөөчүлөрүнүн бири катары аталып жүрөт.

Прокуратура «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдө жасалма тендер менен баалар төмөндөтүлгөнүн, ага Атамбаевдин тиешеси болгонун маалымдады.

Зилалиевдин адвокаты ал өз алдынча эч качан чечим кабыл албай турганын, лицензия берүү жамааттык чечим болорун айтты.

«Хуасинь» компаниясы Чаткалдагы сурма кенин казууга лицензия алган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Тарапкерлери муну саясий куугунтук катары сыпатташууда.

Булак: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of