Чолпон-Атада сел жүрүп, 15 турак үйдүн короолорун суу каптады

Чолпон-Ата шаарында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү арыктарга суу батпай 15 турак үйдүн, 5 дүкөндүн, 6 кафенин жана 2 банктын короолорун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ысык-Көл райондук №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 28 куткаруучу жана №7 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 10 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 суу сордургуч унаа тартылды. ӨКМнын басма сөз кызматы дагы кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of