Курсан Асановдун жансакчы, айдоочусу камалдыбы? Бишкек ШИИББ жообу

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчы-айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулунун кармалганын Какту Медиа сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өткөн жумада Асановдун жан-сакчы-айдоочусу, милициянын сержанты Дамирбек Пайзылла уулу жумуштан бошотулган. “23-августта ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атамбаевди кармоо операциясында ал Курсан Асанов менен биргеликте экс-президенттин үйүнөн пакет алып чыгып кеткен”, – деп жазылат маалыматта.

Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул боюнча маалыматтары жок экенин билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of