Ылдамдыгы 295 километрге жеткен “Дориан” бороон-чапкыны АКШда

АКШнын түштүк-чыгыш жээктерине жакындаган категория 5 деңгээлиндеги «Дориан» бороон-чапкыны Багам аралдарында таасирдүү болуп жатат.

АКШнын Улуттук апаат борбору, күчүн арттырып 5чи деңгээлге жеткирген Дориандын Багам аралдарында таасирдүү боло баштагандыгын билдирди.

Маалымдалгандай шамал ылдамдыгы 295 километрге жеткен «Дориан» ушул учурга чейин аймакты уруп өткөн эң күчтүү бороон-чапкын деп катталды.

Катуу жамгырга себеп болгон бороон-чапкындын Багам аралдарын чоң кыйрандыга учуратаары божомолдонсо, жооптуу кызматкерлер ушул учурга чейин жабыркагандардын катталбагандыгын жана керектүү баардык чараларды көргөндөрүн билдишти.

Дориандын дүйшөмбү күнү кечинде Флорида жээктерине таасирин тийгизе турганы бирок негизинен Жоржия менен Түштүк Каролина аймактарын уруп өтүшү мүмкүн экени маалымдалды.

Улуттук апаат борборуна караганда дагы 5 күнгө созулушу күтүлгөн Дориандын саатына 13 километрдик ылдамдык менен АКШнын жээктерине карай жылып бараткандыгы билдирилди.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of