«Дориан» бороону аймактагы эң күчтүү бороон-чапкын катары катталды (Фото)

Атлантика океанында Багама аралдарын 5чи категорияда кыйраткан «Дориан» бороон-чапкыны адамдарга залакасын келтирди.

Издөө-куткаруу иштери уланып жаткан Багамада жооптуу кызматкерлер, каза тапкандардын саны 7 кишиге жеткендигин жана бул сандын көбөйүмү мүмкүн экенине саанаркап жаткандарын билдиришти.

Багаманын премьер-министри Юбер Миннис болсо Marsh портунун айланасындагы турак үйлөрдүн 60 пайызынын зыянга учурагандыгын белгиледи.

«Дориан» бороону аймакта ушул учурга чейинки эң күчтүү бороон-чапкын катары катталды.

Категория 2 деңгээлинде жылып бараткан бороон-чапкын, АКШнын чыгыш жагы Флорида, Түштүк жана Түндүк Каролина штаттарын көздөй баратат.

АКШнын Улуттук апаат борбору, күчү бираз азайган «Дориандын» дагы деле коркунуч жараткандыгын жана ылдамдыгы саатына 177 чакырым азайган бороон-чапкындын сел жана суу ташкындарына себеп болушу мүмкүн экени боюнча эскертти.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of