Билим берүү министри кызматына Каныбек Исаков шайланды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковду шайлашты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Исаковдун ишине ийгиликтерди кааалады. Ал эми Каныбек Исаков ишенимди актап, таза иштеп бере турганын айтты.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.

Булак: Супер Инфо

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of