Кыргызстандын Чек ара кызматы Ак-Сайга пост куруп жатат

Бүгүн,16-сентябрга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачык. Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү.

Кыргыз тарап Көк-Таш – Ак-Сай жолун асфальттоо иштерин улантып, чек ара постун куруп жатат. Ошондой эле, эки тарап Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүнү улантууда.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of