Видео – Бишкекте айдоочу улгайган аялды “сасып жатасың” деп троллейбустан түшүрүп салды

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыктын башчысы Мукай Асанов интернетке тараган видеону кечээ, 15-сентябрда көргөнүн, бүгүн буга байланыштуу чогулуш өткөрүүгө камданып жатканын айтты.


“Бүгүн ал айдоочунун жоругу боюнча ички техникалык кеңешме өтөт. Анда айдоочунун кемчилиги боюнча кандай чечим кабыл алууну кеңешебиз, талкуулайбыз. Видеодогу айдоочунун бизде иштеп жатканына бир жылдай болуп калды. Анын бул кылганы туура эмес, антип транспорттон түшүрбөшү керек болчу. Устат айдоочулар дегендер болот, алар жумушка жаңы алынгандарга кандай кийинүү керек, жүрүш-турушу, жүргүнчүгө мамиле кандай болушу керектигин айтып, үйрөтүп турушат”, – деди Асанов.


Бул көрүнүш интернет колдонуучуларын нааразы кылып, айдоочуну жоопко тартуу зарылдыгын билдиришүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of