Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду! (Видео)

Кыргызстандык күрөшчү Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүндө 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Тыныбекова финалдык беттеште болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде жеңди.

Чемпионатта Тыныбекова алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Жарым финалдык беттеште Тыныбекова түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсеби менен жеңип, күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык балбан кыз болду.

Дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо бере турчу мелдеш болуп эсептелинет. Азырынча Тыныбековадан тышкары лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков ала алды.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of