Ташиев кимди чыккынчы атады?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу элге сабырдуулук тилеп, ал жакка чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды жибербеш керектигин жар салды.

Ошондой эле: «Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. «Мамлекетти, элди-жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса анда башка сөз, иш болот» — деп билдирди.

Ошондо чыккынчы, сойку деп кимди айтты? Чек ара чыры болсо эле Жеңиш Разаковду аттап-тондоп жибере беришет. Анысы бир нерсе чечсечи. Качан болсо тескери реакция. Демек, Ташиевдин ташы Разаковдун огородуна ыргытылган жокпу?.. Өзү деле ачык айтып койсо болмок, табышмак кылбай.. Бул тууралуу «Фабула» гезити жазып чыкты.

Булак: «Фабула.кж»

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of