Депутат жыйынында телефон менен сүйлөшүп отурган министринин орун басарын сынга алды

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Аалы Карашев билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйында телефон менен сүйлөшүп жатканына нааразы болду. “Телефон менен сүйлөшүп жатасыз. Бул Жогорку Кеңешке болгон сый. Жыйынга телефон менен сүйлөшөйүн деп келдиңизби? Вице-спикер 5 мүнөттөн бери сүйлөп жатса, сиз телефон менен сүйлөшүп отурасыз”, – деп депутат министрдин орун басарына кайрылды.

Надира Жусупбекова ага жумушунан телефон чалып калганын айтып, кечирим сурады.

Булак: super.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика