Президент Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир белек кылды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан.

Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Айсулуу Тыныбековага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу маалыматты спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков  тастыктады.

“Азыр эле президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунан чыктык. Айсулууга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын беришти”, — деди Изабеков.

Ал эми машыктыруучуга акчалай сыйлык берилген.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон.

Булак: sputnik.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика