Видео – Ош базарынын соодагерлери кайрадан митингке чыгышты. Алардын талабы кандай?

Ош базарындагы “Берекет-Универсал” соода борборунун арендаторлору электр жарыгын күйгүзүп берүү талабы менен ак үйдун астына митинг уюштуруу учун баратышат.

Алар “Берекет-Универсалдын” мурдагы жетекчиси Болот Бегалиев соодагерлерге башка имарат салып берем дегени менен эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөгөнүн айтышууда.

“Айына базар жетекчисине 5 млн сомго жакын каражат чогултуп беребиз, бирок мэрияга жетекчилик жылына 2 млн сом гана төлөйт экен. Чогулган акчаны биз айына шаардык бюджетке эле которолу, бийлик ушул маселелерди чечип берсе жакшы болмок. Болот Бегалиев “Берекет-Универсал” базарын 2019 жылдын апрель айында жапкан. Ошондон бери электр жарыгы жок, ар ким өз товарын күнү-түнү кайтарып отурат”,- дейт соодагер.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика