Зеленский Рамзан Кадыровдон эмне үчүн кечирим сураганы белгилүү болду

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2014- жылы «Квартал-95» студиясын жетектен турган учурда, Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров менен ортодогу пикир келишпестигин жоюу максатында ИИМдин орун басары болуп турган Владимир Евдокимовго Кадыров менен жолушуу уюштуруп берүүсүн сурап кайрылган. Бул тууралуу «Страна.ua» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, көптөгөн тоскоолдуктарга карабай уюштурулган жолушууга Зеленский келбей койгон. Бул окуядан көп өтпөй Зеленскийдин унаасын белгисиз кишилер Киевде өрттөп кетишкени белгилүү болгон.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Владимир Зеленский Украинанын президенти болуп шайлангандан кийин, бир канча жыл мурун Рамзан Кадыровдун ыйлап жаткан видеосун кесип, тамашаларына колдонгону үчүн Кадыровдон жана бүткүн мусулман өкүлдөрүнөн кечирим сураган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика