Актриса Заворотнюктун каза болгону айтылууда

Орусиянын айрым ЖМКлары Телеграм тармагындагы тайпаларда жарыяланган постторго таянып, оор абалда ооруканада жаткан актриса Анастасия Заворотнюктун каза болгонун жазышууда.

ЖМКнын тараткан маалыматына караганда, актриса 5-октябрда дүйнө салган.

“Урматтуу кесиптештер. Маалыматты 100 пайыз факт катары таратуудан алыс болуңуздар. Азырынча так жооп бериле элек” деп жазылат.

Кабар анонимдүүлүк шарты менен клиника кызматкери тарабынан кабарланганы кошумчаланган. Бирок, актрисанын жакын таанышы бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтып чыккан.

Эске салсак, актриса 13-сентябрда оор абалда ооруканага жаткырылган. Ага баш мээнин шишигинин 4-стадиясындагы диагноз коюлган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of