“Буга чейин да мени кемсинтип келген”. Мугалим 7-класстын окуучусун сабады (Видео)

Өзбекстандык социалдык түйүн колдонуучулары мугалим тарабынан сабалганын айтып ыйлап жаткан окуучунун видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Эки мүнөттүк видеодо окуучу классташы менен мушташып кеткенин жана жалгыз шымы жыртылып калганын айткан.

«Экөөбүздүн мушташып жатканыбызды көргөн мугалим мени эле урду. Ал буга чейин да мени кемсинтип келген. Кол көтөргөндөн кийин география сабагына таптакыр баргым келбей калды, — деген ал.

Кийинчерээк окуя Анжиян облусунун Асака районундагы №30 мектепте болгону аныкталды. Видеодогу бала ал мектептин 7-классында окуйт.

Мектептин директору Гүлчехра Мирзаахмедова окуучу сабалганын ырастады.

— Мен ал видеону бүгүн эле көрдүм. География мугалими менен баланын ата-энесин чакырдым. Бул маселени карайбыз, — деди директор.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of