Жеңил унаа менен маршруттук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында маршруттук унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык бүгүн, 8-октябрда орун алды.

Анда Mercedes-Benz Sprinter менен жеңил унаалар сүзүштү. Азырынча кырсыктын кесепетинен жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат такталып жатканын билдирди.


Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of