Адвокат: Кундуз Жолдубаева сурактан чыкты, эртең камалышы ыктымал

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракта болду. Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, сурак эртең 10-октябрда да уланмай болду, бирок анын тергөөдөгү макамы өзгөртүлүп, камакка алынышы ыктымал:

– Алга Кылычов менен беттештирүү болду. Себеби экөөнүн көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болуп жатыптыр. Бүгүн чыкты, бирок эртең кайра саат 14:00гө чакырылды суракка. Балким эртең кармоо болот. Шектелүүчү катары кармалып, балким эртең калып калат. Ошондой божомол бар.

“Азаттык” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова менен байланышканда ал Жолдубаева сурактан чыкканын тастыктады, бирок мындан башка маалымат бере албасын билдирди.

КСДПнын мүчөсү, Кой-Таш окуяларына байланыштуу кармалган Алга Кылычов Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берип жатканы буга чейин айтылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of