Алга Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Адвокат чоо-жайын айтты

Атамбаевдин колдоочусу Алга Кылычев кишилерди барымтага алуу жана массалык баш алмандык уюштуруу беренеси менен кармалган.

“Кой-Таш” окуясы боюнча кармалган Алга Кылычев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына каршы көрсөтмө берип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Кылычев  бир камерада өзү жалгыз отурат. Ал Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү менен беттештирилген.

“Канат Сагымбаев, Амантур Жамгырчиев, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев менен Алга Кылычевди беттештирүү болду. Ал Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын убактылуу кармоочу жайында экен. Башкалар тергөө абагында отурат. Оюн өзгөртүп жибербесин деп өзүн жалгыз бир камерада кармап жатышыптыр. Тергөө органы аны колдонуп жатат. Бийликти басып алуу сыяктуу беренелер боюнча Атамбаевге да каршы көрсөтмө бериптир. Күбөлөрдүн ичинен бир эле Кылычев менен беттештирүүлөр болууда. Ошонун негизинде каршы көрсөтмө берип жатканы билинди. Бүт баарын айыптап жатканын өзүбүздүн маалымат булактарыбыз да айтууда”, — деди жактоочу.

Жоошев ошондой эле Кылычев тергөө менен кызматташып, эркиндикти сурашы мүмкүндүгүн билдирди.

Соңку ирет 30-сентябрда болгон сот отурумуна Кылычевдин жактоочусу келбегендиктен судья анын камакта кармоо маселесин кароодон баш тартып, тергөө абагында калтырылган. Атамбаевдин калган үзөңгүлөштөрүн 9-декабрга чейин тергөө абагына киргизген.

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок тарапташтарынын каршылыгынан улам ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Аны менен кошо мурдагы президенттин колдоочулары Фарид Ниязов, Амантур Жамгырчиев, Манас Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Сагымбаев, Кыяз Смайловдор камакка алынган. Мындан сырткары, бир топ тарапташы сурак берүүдө, айрымдары үй камагына алынды.

Алар массалык баш аламандык уюштуруу, адам өлтүрүү жана кишилерди барымтага алуу беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: sputnik.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of