Анастасия Заворотнюктун оор абалдагы сүрөтү тарады

Залалдуу шишик менен алпурушуп жаткан актриса Анастасия Заворотнюктун ооруканадагы оор абалда жаткан сүрөтү интернетке жарыяланды.

Сүрөттө актрисанын илдеттин айынан бир кыйла өзгөрүп кеткенин көрүүгө болот.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

 

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of