Искендер Матраимовдун туулган күнү. Депутаттар кесиптешин кантип куттукташты?

ЖКнын депутаты Искендер Матраимовдун бүгүн туулган күнү. Ал бүгүн 57 жашка чыгууда.

Анын айтымында, туулган күндүн урматына эч кандай той болбойт.

“Той берүүнү пландаган жокмун. Биздин үй-бүлөдө мындай жөрөлгө жок. Белектерди мага деле эч ким берген жок. Депутаттар телефондон куттуктап, каалоолорун айтышты. Бир тууганым Райым да жаңы эле чалып, эң башкысы – ден соолук экенин айтты”, – деп билдирди депутат.

И.Матраимов учурда, кичи мекени Кара-Сууда жүрөт. Ал бүгүнкү туулган күнүндө Калинин айылындагы мектептин ачылышында болот. Ал мектеп 320 орунга эсептелип, өкмөттүн каражаты менен курулган деп жазат “aryba” басылмасы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of