Түркмөнстанда тамеки кескин кымбаттады

Түркмөнстандын Лебап, Балкан облустарында тамеки кескин кымбаттады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчылары билдиришти.

— Лебап облусунун борбору Түркмөнабад шаарындагы мамлекеттик дүкөндөрдө сатыкта тамеки жок, жеке дүкөндөрдөн гана табууга болот. Бирок аларда баалар жогору, бир кутусу 60-150 манаттан сатылып жатат. Өлкөдөгү маяналарды эске алганда, бул өтө эле кымбат, — деди кабарчы.

Учурда Түркмөнстанда орточо айлык акы 790 манатты түзөт.

Жергиликтүү соодагерлердин айтымында, 2020-жылдан тарта өлкөдө тамеки сатууга тыюу салынышы мүмкүн деген кептерден улам, калк арасында тынчсыздануу күчөп, жарандар алдын ала тамеки сатып алууга өтүшкөн.

Түркмөнстандын башка аймактарында дагы чылымдын баасы жогорулаганы байкалууда. Басылманын аймактык кабарчылары билдиргендей, Балкан облусунун Балканабад жана Сердар шаарларында адатта 40 манаттан сатылган тамекинин бир кутусу учурда 200 манатка чыккан.

Түркмөнстанда тамеки тартыштыгы эки жылдан бери уланып келет. 2017-жылы мартта зыяндуу адаттарга каршы күрөшүү программасы кабыл алынып, бийлик 2025-жылга карата өлкөнү чылымсыз мамлекетке айлантуу ниетин билдирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of