Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетекчилер менен Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрүп чыкты

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү жетекчилер менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрүп чыкты.

Шаар мэри 2020-жылы Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү боюнча ири долбоорду ишке ашыруу аракеттери башталаарын айтып, мыйзамсыз курулган курулуштарды алып салуу керектигин билдирди.

“Максатыбыз Ак-Бууранын жээгин оңдоп, шарт түзүү. Дарыянын жээктерине отургучтар, жөө адамдар басуучу жол, веложол курулуп, жарыктандырылат. Алгач жээктерди бекемдөө иштери жүрөт. Мындан тышкары айрым жерлерге эс алуучу жайлар да курулат. Эң негизгиси ишти баштаардан алдың мыйзамсыз курулуштарды алып салышыбыз керек. Жээктерди тосуп же курулуш куруп алган шаардыктар биздин баштап жаткан ишибизди түшүнүү менен кабыл алып, өз алдынча курулуштарын алып салса жакшы болмок. Бул ишти тез арада башташыбызга шарт түзмөк. Жасалып жаткан иштер жалпы шаардыктар үчүн. 2020-жылы ишке толук киришебиз”,-деди мэр Т. Сарыбашов.

Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге 2020-жылдын башында дарыянын жээктериндеги мыйзамсыз тосулган жерлерди бошотуп, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.
Өз алдынча жер тилкелерин бошотпогон жарандардын иши сотко өтөт.

Бүгүнкү күндө шаардык архитектура тарабынан эскиздик долбоор даярдалып, ири долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of