Жунушалиев Жогорку Кеңеште Саймаити боюнча маалымат берди

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн  Айеркен Саймаити боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ал биздеги иш боюнча эл аралык издөөдө болгон.

“Айеркен Саймаитиге буга чейин 2017-жылы «Алдамчылык» фактысы боюнча мурдагы кылмыш жаза кодексинин 166 -беренеси боюнча 3 млн 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны өзүнүн өнөктөшү кытайдын жаранын алдап кеткен фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган”,-деп билдирди Жунушалиев.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика