Леонид  Брежневдин  айдоочулук күбөлүгү 1 миллион 550 миң рублга сатылды.

Леонид  Брежневдин  айдоочулук күбөлүгү 1 миллион 550 миң рублга сатылды. КПСС БКнын башкы катчысы Леонид Брежневдин айдоочулук күбөлүгү аукциондо сатылган. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

Анын маалыматына караганда, аукционго Леонид Брежневдин айдоочулук күбөлүгүнөн тышкары эскертүүчү талону да сатыкка коюлган. Ал талонго мурун МАИ инспекторлору жол эрежесин  бузгандарга протокол түзүшчү.  Алганына канча жыл өтсө дагы Леонид Брежневдин күбөлүгү жапжаңы боюнча сакталып калган. СССРдин ИИМинин башчысы Николай Щелоков белек кылган күбөлүк, баш катчыга транспорттордун баардык түрүн айдоого уруксат берген. Документтер    башкы катчынын дачасында сакталып келген.  СССР тарагандан кийин, айдоочулук күбөлүк жаңы ээсин тапкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of