Nissan компаниясы 450 миңден ашуун автоунаасын кайтарып алат

Nissan автоконцерни тормоз суюктугу агып кетүү коркунучу бар себептүү бүт дүйнө жүзүндөгү 450 миңден ашуун автоунаасын кайтарып алууну чечкендигин билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Компаниянын маалыматына караганда, унаалардагы бул дефект унаанын өрттөнүп кетишине алып келиши мүмкүн, ошондуктан бул унаалардын ээлерине унааларын имараттардан алыс ачык жерге токтотууну сунушташат.

Кайтарып алуу бир нече үлгүлөргө тиешелүү. Алар: 2015-2018-жылдары чыгарылган Nissan Murano, 2017-2019-жылдары чыгарылган Infiniti QX60 жана Nissan Pathfinder, ошондой эле 2016-2018-жылдары чыгарылган Nissan Maxima унаалары. Бул унаалардын көпчүлүгү АКШ менен Канадада сатылган.

Унааларды кайтарып алуу 2020-жылдын жай айларына чейин жүргүзүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of