Жакын арада чыгат! С. Жапаровдун президенттен ырайым сураган каты жарыяланды

Урматтуу эл журт!
Садыр Жапаровду ырайым берүү боюнча президентке арыз жаздырышканына мына бүгүн туура бир ай болду. Андан бери ар кандай шылтоолор менен президенттин аппараты арызды ары бери түрткүлөп, бюрократия кылып жатышат. Айрымдар президент билбейт, президентке маалымат жеткен жок деп жатышат. Эгер чын эле президентке жете элек болсо, анда мен адвокат катары жарыя кылып коёюн деп чечтим. Соц түйүндөргө чыкса тез эле жетет эмеспи. Президент өзү айткан: «Текебаев менен Жапаров арыз жазса, мен ырайым менен гана жардам бере алам» деп. Менин билишимче Садыр Нуркожоевичтин туугандарын чакырып, арыз жаздырып келсеңер чыгарабыз дешкен. Садыр Нуркожоевич арыз жазыптыр, эми президенттин жообун күтөлү. Буюрса жакын арада чыгып калаар?
Төмөндө Садыр Нуркожоевичтин жазган арызынын текстин өзгөртүүсүз берем
Кыргыз Республикасынын президенти
Жээнбеков Сооронбай Шариповичке
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү менен соттолуп, учурда жаза мөөнөтүн номер биринчи түзөтүү колониясында өтөп жаткан
Жапаров Садыр Нуркожоевичтен
Ырайым боюнча өтүнүч
Мен, Жапаров Садыр Нуркожоевич, 1968-жылы 6-декабрда төрөлгөм. Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан 02.08.2017 жылы соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигимден ажыратылгам. Бул айып жасалма жана Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгону жалпы элге маалым. Элди алдашыбыз мүмкүн. Бирок, Кудайды алдай албайбыз. Барымтага алууда менин кымындай да тиешем жок экенин Кудай көрүп турат. Бирок ошентсе да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумушса, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор ахывалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн.
Жапаров Садыр Нуркожоевич.

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун президентке кайрылган бул билдирүүсүн анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов тастыктоочу сүрөттөр менен бирге фейсбук баракчасы аркылуу элге жарыялады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of