Бишкектеги ЖККУ саммитинде кол коюлган 15 документтин тизмеси

Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп, эл аралык жана аймактардын ортосундагы коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулашты.

 ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 28-ноябрда, Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Кыргызстандын төрагалыгын жыйынтыктоочу сессиясы болуп өттү.

Кол коюлган документтер:

— Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— “ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечим долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун органдарынын процедуралар эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” долбоор тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “БУУнун 2019-2021-жылдарга Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин жамааттык аракеттеринин планы жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын тизмеги жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо-өнөр жай (аскерий-өнөр жай) комплекстеринин ишканаларынын жана уюмдарынын ортосундагы кооперациялык жана интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү базалык уюм жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструкторлук иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу аракеттеги операциясы (“ПРОКСИ” операциясы) жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коргоо министрлер кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2020-жылга карата бюджети жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” чечиминин долбоору тууралуу;

— Уюмга төрагалык кылуу, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сесиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Белгилей кетсек, уюмга төрагалык кезеги Россияга берилди.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика