Футбол: Кыргызстан Түркия менен ойнойт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы 3-декабрда Түркиянын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде болот.

Түркиянын курама командасы Бишкекке учуп келип, кечээ машыгуу өткөргөнгө жетишти. Оюн 2020-жылы Түркмөнстанда өтө турган Азия чемпионатына даярдык иретинде уюштурулду.

Эки команданын беттеши Бишкекте эки ирет өтөт. Экинчиси 4-декабрда болот. Оюндардын башталышы кечки саат 20:00гө белгиленген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of