Базар-Коргондук окуучулардын саамалыгы (Видео)

9-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын окуучуларынын катышуусу менен “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

Мектеп окуучуларынын бул акциясы Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлеринин катышуусунда Базар-Коргон ЖКККнын коштоосу менен өтүп, борбордук көчөдө жөө жүрүш менен коштолду.