Израиль бир жылда үчүнчү жолу парламенттик шайлоо өткөрүүнү жарыялады

Израилде бир жылда үчүнчү жолу парламенттик шайлоо дайындалды. Кнессеттеги фракциялар башкаруучу коалиция курай алган жок, буга байланыштуу депутаттар өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу “Гаарец” гезити жазды.

Буга чейинки шайлоо 17-сентябрда өткөн. Анын жыйынтыгында “Ликуд” партиясы 31 орун, “Кахоль-Лаван” 33 орун алган. Бардыгы болуп Кнессетте 120 мандат бар.

21-октябрда өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттү өз мөөнөтүндө курай албасын билдирген соң, бул укук оппозицияга берилген. Бирок атаандашы да башкаруучу коалицияны түптөй алган жок.

Быйыл май айында Израилде биринчи парламенттик шайлоо өткөн. Анда да премьер-министр коалиция курай алган эмес. Келерки добуш берүүнү 2020-жылдын 2-мартында өткөрүү пландалууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика