“Сулайман-Тоо” мечитинде жардамга муктаж 450 үй-бүлөгө жардам баштыгы таратылды

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баш болгон казыят кызматкерлери “Сулайман-Тоо” мечитинде жардамга муктаж 450 үй-бүлөгө жардам баштыгын таратты. Муфтияттан алынган маалыматка караганда,  жардам баштыкчасында ун 10 кг, май,  макарон, нан, чай, туз жана кум шекер салынган. Анын ар бир баштыгы 600 сомду түзүп, жалпы суммасы 270 000 миң сом.

Убайдулла ажы Сарыбаев: «Эл тарабынан чогултулган кийим-кечелер дагы таратылып, мечитке келе албай калгандарга жардам баштыкчасы менен кошо үйлөрүнө жеткирилип берилмекчи. Бул кайрымдуулук иш-чарасы жергиликтүү демөөрчүлөр жана мечиттердин жамааттарынын кошкон салымынын негизинде уюштурулду»,-деди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика