Футбол борбору курулушу үчүн документтер даярдалууда

Эл аралык гранттын эсебинен курула турган футбол объектисин курууга Кыргызстан Футбол федерациясы  гранттын 1-этабын алуу үчүн документ даярдоодо.

КР Футбол федерациясынын маалыматына караганда грант берүүчүлөр футбол объектинин алгачкы этабына 3,5 миллион доллар бөлөт. Азыр курулуштун качан башталары жана качан акча каражатын которушаары тактала элек.

“Курулуш биздин документтер бүтөөрү менен башталат. Негизгиси бизде грант бар”,-деп билдиришти КРнын ФФсы.

Жалпысынан сөз Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) жана Азия футбол федерациясы (AFC) тарабынан грант иретинде бөлүнө турган 8-10 миллион доллар жөнүндө болуп жатат.

Эске сала кетсек, Эл аралык футбол федерациясы  (FIFA) менен  Азия футбол  конфедерациясы (AFC) тарабынан каржылана турган  футбол борборуна жер бөлүнүп берилген.  Өлкөнүн Футбол федерациясы Сокулук районунун айыл өкмөтү менен жер алууга макулдашышкан. Ал жер тилкеси Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Масалиев көчөсү жана Арча-Бешик конушунун кесилишинде жайгашкан.  Федерациянын басма сөз кызматынан  курулуш үчүн  8-10 гектар жер бөлүнсө идеалдуу болоорун айткан. Аталган долбоорго жогорудагы уюмдар 10 миллион доллар бөлүшөөрүн, бул каражатка  административдик борбор курулуп, ал өз ичине мейманкана, машыгуу жана гимнастика залдары, заманбап медициналык борбор, бир канча кичи талаа жана трибуналары менен чоң талаалар салынаары, борбордогу  “Алга” футбол клубунун өз аренасы болушу күтүлөөрү айтылган.

Акчалай каражатты футбол уюмдары бир канча этап менен бөлүп берет.