Айсулуу Тыныбекованын дагы бир жеңиши

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды.

«Yasar Dogu 2020» аталышындагы турнир Стамбул шаарында 10-12-январь күндөрү өттү. Тыныбекова 62 килограмм салмактагы спортчулар арасында катышып, финалга чыкты. Ал эми чечүүчү беттеште ал азербайжандык балбан Татьяна Омельченко менен күч сынап, алтын медаль утту.
Кыргызстандык Назира Марсбек кызы (59 кг чейин) дагы аталган турнирден алтын медалдын ээси болсо, Айпери Медет кызы (76 кг чейин) 3-орунга татып, коло тагынды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика